Авиадоставка грузов в Париже

Көп жагдайларда жүктөрдү  өзүнчө жеткирүү керек болот: буюмдарды жаңы жерге ташуу, товарларды, жаныбарларды, курулуш материалдарын, баалуу кагаздарды жана документтерди, автоунаалардын бөлүктөрүн жана көптөгөн башка нерселерди  транспорттоо.

Жердеги транспортту пайдаланууга мүмкүн болбогон жагдайлар болот, эгерде мисалы тез бузулуучу азыктар, гүлдөр, үй бакмалары же үйрөтүлгөн цирктин айбанаттары жана башкалар жөнүндө айтсак. Мындай учурда, кызмат көрсөтүүлөрдү AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы камсыз кылган  Париждеги жүк авиациясы куткарат.

 

Авиаташууну уюштуруу

Биздин компания менен кызматташуу ыңгайлуу, аткени биз жеткирүүнүн бүт процессин өзүбүзгө алабыз, ошондуктан кардар эч нерседен кам санабайт:

  • оптималдуу өлчөмдөгү жана батырымдуулуктагы учакты табабыз,Авиадоставка грузов в Париже
  • жүктөргө болгон бардык коштоочу документтерди тариздөөгө жардам беребиз,
  • камсыздандырууну сиздин каалооңуз боюнча тариздейбиз,
  • буюмдарды, эгерде ал зарыл болсо бөлүктөргө ажыратабыз, ал эми жеткиргенден кийин кайра чогултабыз,
  • жүктөрдү аэропортко алып кетебиз (керек болсо, атайын автоунаа жалдайбыз) жана абайлап таңгактайбыз,
  • жөнөтүүлөрдү кылдат таңгактайбыз,
  • жөнөтүүлөрдүн ушул түрү үчүн салонду же отсекти эң жакшы шарттар менен камсыз кылабыз,
  • учуп келген пунктка буюмдарды эшикке чейин жеткиребиз, аларды таңгактан чыгарууга жана жайгаштырууга жардам беребиз.

Биз жүк каттамды Франциянын ичиндгидей эле, чет өлкөгө  каалаган каттам боюнча сунуштоого даярбыз. Биздин учуулардын аймагынын  чеги жок. AVIAV TM (Cofrance SARL) жеке адамдар менен да, ошондой эле юридикалык тараптар менен да иштейт, биз  товарларды бир жолку тейлөөгө же туруктуу жеткирүүгө келишим түзүүгө даярбыз.

 

Жаныбарларды авиаташуу

Жүктөрдү авиаташуунун өзүнчө түрү болуп жаныбарларды ташуу саналат. Албетте, жаныбары ээсинин жанында учуп баратканы жакшы. Бирок эгерде жакшы көргөн жаныбарын жалгыз жөнөтүү керек болсочу? Сиз кабатыр болбоңуз AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы бардык нюанстарга кам көрөт:

– жаныбарга керектүү документтерди чогултабыз,

– аэропортко чейин атайын зооавтоунаа сунуш кылабыз,

– ветеринардык текшерүүдөн өтүүгө жардам беребиз,Авиадоставка грузов в Париже

– зарыл болгондо атайын контейнер тандап беребиз,

– каалооңуз боюнча, саякат учурунда сиздин досуңузду колдой турган коштоочуну: няняны, дрессировщикти, ветеринарды ж.б.жалдайбыз,

– сиздин бакма уча турган салонду же отсекти жайлуу шарттар менен камсыз кылабыз,

– керектүү имаратка чейин көздөгөн пунктуна жеткиребиз,

– тосуп алуучу адамдын колуна тапшырабыз.

 

 AVIAV TM менен кызматташыңыз

Биз жүктөрдүн бардык түрлөрү, эң жеңил: документтер, зер буюмдар, ошондой эле ири тышөлчөмдүү: автоунаалар, яхтанын бөлүктөрү ж.б. менен иштейбиз.

Баасы учуунун алыстыгынан, аба унаасынын түрүнөн, жүктүн мүнөзүнөн жана салмагынан көз каранды болот. Биз мыйзам менен тыюу салынганда гана ташууга албайбыз.

Сиздин жүк тыюу салынгандардын категориясына кирбестигин дайыма биздин менеджерден билсе болот. Кээде талаш жагдайлар болуп калат, бул учурда биздин юристер өздөрүнүн кардарларынын укуктарын коргоп калууга даяр.

Парижден же каалаган башка багыт боюнча жүктөрдү авиаташууга буйрутма бериш үчүн, сиз Авиадоставка грузов в Парижебиздин сайтта табыштама калтырсаңыз болот же дароо менеджерге чалсаңыз болот. Бул сизди эч нерсеге милдеттендирбейт, сиз жөн гана каттамдын баасын билесиз жана процессти уюштурууда жакшы түшүнүү үчүн, сизди түйшөлткөн суроолоруңузду берсеңиз болот. Эгерде баасы сизге жакпаса, биз ыракаттануу менен кызматташууну улантабыз жана белгиленген күнү сиз үчүн зарыл жүк менен учууну уюштурабыз.